Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:41

Алматыда аялдардын жүрүшүнө уруксат берүүгө чакырган акция өттү


Алматыдагы митинг. 5-февраль, 2023-жыл.
Алматыдагы митинг. 5-февраль, 2023-жыл.

5-февралда Казакстандын Алматы шаарында аялдардын тынч жүрүшкө чыгуу укугун жактаган акция өттү. 150дөй адам шаардагы Махатма Ганди атындагы сейил бакка чогулуп, жергиликтүү бийликти активисттердин 8-мартка пландалган жүрүшүнө жана митингине уруксат берүүгө чакырышты. Алар ошондой эле бийликтен тынч митингдерге коюлган чектөөлөрдү алып салууну талап кылышты.

"Азаттыктын" казак кызматы жазгандай, жекшембидеги акцияга чыккандар "8-марттагы жүрүш болсун!", "Митинг өтсүн", "Биз карапайым калкпыз", "Унчукпай койбо, айт, сүйлө", "Акимчилик, шылтоо айтпа" деген сыяктуу плакаттарды көтөрүп турушту.

"Власть" сайты жазгандай, эки саатка созулган митингде бир катар активисттер жана укук коргоочулар сүйлөштү.

"Унчукпай коюу аялдардын көздөн далдоо калышына жол ачат. Биз үнүбүздү катуу чыгарышыбыз керек. Бизге жүрүш керек. Бизге митинг керек", - деп айтты уюштуруучулардын бири Любовь Воронцова.

Чогулгандардан анча алыс эмес аралыкта полициянын автобусу жана ондон ашык укук коргоо кызматкери топтолуп турду.

Буга чейин Алматынын акимчилиги активисттерге жана феминисттик кыймылдарга Аялдардын эл аралык күнүндө шаарда жүрүш өткөрүүгө уруксат берген эмес. Жергиликтүү бийлик башка бир уюмга 8-март күнү үч митинг өткөрүүгө уруксат берип койгонун жүйө келтирген. Бирок аялдардын жүрүшүн өткөрүүнү көздөгөн активисттер бийлик акция маалында "ыңгайсыз темалардын" көтөрүлүшүнөн чоочулап жатканын айтышты.

Былтыр 8-мартта Алматыда аялдардын укугун коргоого чакырган митинг өткөн. Бирок бийлик уюштуруучуларга жүрүш өткөрүүгө уруксат берген эмес. Былтыркы митингде айрым катышуучулар Орусиянын Украинага басып киргенин айыптаган плакаттарды көтөрүп чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG