Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:16

"Цефтриаксон" сайгандан кийин анафилактикалык шок болгон тогуз адам катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл жыл башынан бери антибиотик сайгандан кийин аллергиялык реакциянын айынан анафилактикалык шок абалга кептелген тогуз адам катталганын бүгүн 3-февралда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, алардын бири өзүнө келе албай каза болгон.

Териштирүү жүргүзгөндө мындай реакция “Цефтриаксон” дарысын (Индия, Өзбекстан, Улуу Британия, Кытай, Египет, Түркия, Орусия өлкөлөрүндө өңдүрүлгөн) көпчүлүк учурда үй шартында сайгандан кийин пайда болгону аныкталган.

Министрлик ооруган адамдар түрдүү дарыларды үйүнө медайымды чакырып же башка өз алдынча шартта сайдырган учурлар менен катар анафилактикалык шок болгондор көп каттала баштаганын эскертип, ийнени медицина жайында тийиштүү кызматкердин көзөмөлү астында гана алуу керектигин белгиледи. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG