Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:04

Талас: Чоң-Капкада жүк ташуучу машинелердин кезеги пайда болду


Талас. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.
Талас. Кыргыз-казак чек арасындагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекети.

Талас облусундагы Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында жайгашкан "Чоң-Капка" өткөрмө бекетинде 1-февраль, саат 17:30га карата алтымыштай жүк ташуучу автоунаа кезекте турат.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, "узун кезекке жүк ташуучу автоунаалардын көп келип жатканы себеп". Өткөрмө бекети штаттык режимде иштеп жатат.

Мекеме Кыргызстан тарапта кандайдыр бир техникалык мүчүлүштүк жок экенин маалымдады. Казакстан менен чектешкен башка бекеттерде кезек күтүүлөр жок экенин кошумчалады.

Социалдык тармактарда жүк ташуучу машинелердин айдоочулары Чоң-Капкада үч күндөн бери кезекте турганын айтканы тартылган видеолор тарап жатат.

Кыргыз-казак чек арасында төрт автожол өткөрүү бекети бар. Алар: Чүй облусундагы "Ак-Тилек", "Чалдовар", "Кең-Булуң" жана Талас облусундагы "Чоң-Капка" бекеттери. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG