Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:33

Казакстандык ЖМК Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн Орусиянын сотуна чакыруу алды


Украина. Иллюстрациялык сүрөт.
Украина. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандык Arbat.media порталы Украинадагы согуш тууралуу жарыялаган материалына байланыштуу Орусиянын Владимир шаарынын Ленин райондук сотуна чакырылып жатканы тууралуу почта аркылуу билдирме алганын маалымдады.

Сотко доо арыз менен Орусия армиясынын 19-аскердик прокуратурасы жана №56680 аскердик бөлүгү кайрылганы, алгачкы соттук териштирүү 17-февралга дайындалганы белгилүү болду.

Басылманын маалыматына караганда, сотко кайрылгандар редакциянын макаласында Орусия “атайын аскердик операция” деп атап жаткан Украинадагы согушу тууралуу чындыкка дал келбеген, жалган маалымат жарыялаганын белгилеген.

Аrbat.media коюлуп жаткан айып негизсиз экенин билдирүүдө.

Бул казакстандык жалпыга маалымдоо каражаты Украинадагы согуш тууралуу макаласы үчүн орусиялык сотко чакырылып жаткан алгачкы окуя. Буга чейин Роскомнадзор уюмунан материалды өчүртүү тууралуу эскертүүлөр гана болуп жаткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG