Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:19

Кемпир-Абад иши: Орозайым Нарматова ден соолугунан улам үй камагына чыкты


Орозайым Нарматова Бишкек шаардык сотунда. 9-декабрь, 2022-жыл.
Орозайым Нарматова Бишкек шаардык сотунда. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган мурдагы депутат Орозайым Нарматова 30-январда соттун чечими менен үй камагына чыкты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" анын адвокаты Гуляна Убалиева ырастап, сот Нарматованын саламаттыгынан улам чукул түрдө бөгөт чарасын караганын билдирди:

"Орозайым 28-январда катуу ооруп, жүрөк оорусу кармап, "Тез жардам" менен ооруканага түшкөн. 30-январда түштөн кийин сот чукул түрдө аны үй камагына бошотту", - деди ал.

Нарматованын бөгөт чарасын кайсы сот караганы маалымдалган жок. Соттон комментарий боло элек.

Орозайым Нарматованын саламаттыгы начарлап кеткени буга чейин айтылган. 27-декабрда шаардык сотто бөгөт чарасы каралып жатканда анын абалы начарлап, кулап түшкөн.

Ал былтыр 23-28-октябрда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер менен кошо кармалган. 30га жакын киши “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып жатат. Алардын айрымдары үй камагына чыккан, азыр 20дан ашык адам абакта кармалууда. Анын бешөө аялдар.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келишет. Абакта отургандардын ондон ашыгы күнөөсүз экенин айтышып, дээрлик эки аптадай ачкачылык кармашты.

Камалганга чейин алар Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыгып, “Кемпир-Абадды коргоо комитетин” түзүшкөн.

Аталган комитет 30-январда кайрылуу таратып, бул иш боюнча тергөө абагында кармалып, ооруп жаткан аялдарды, саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылган.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин 26-27-январда Кыргызстандагы мамлекеттик сапарында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо жөнүндө протоколго кол коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG