Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:29

Ооганстанда 15 жылдан берки эң катуу суукта ондогон киши көз жумду


Оогандык үй-бүлө.
Оогандык үй-бүлө.

Ооганстанда бийликте турган “Талибан” өкмөтү кеминде 70 киши, анын ичинде балдар катуу сууктан көз жумганын билдирди. 15 жылдан бери сууктун күчү мынчалык катуу болгон эмес.

19-январда Чукул кырдаалдар министрлиги сегиз провинцияда соңку сегиз күндөн бери суукта адамдар тоңуп калганын, 80 миңдей баш мал өлгөнүн билдирди. Ансыз дагы ачарчылыкка баткан өлкөдө абанын температурасы -34 градуска чейин түшүп жатат.

Жыл башында Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алганы маалым болгон. Тумоодон жарым айдын ичинде 20дан ашуун киши каза болгонун бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу "Азаттыкка" 10-январда айтып берген.

19-январда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Памирде бир нече киши көз жумганын, жакын арада Кыргызстан гуманитардык жардам жеткирерин билдирди.

20-декабрда БУУнун баш катчысынын Ооганстан боюнча атайын өкүлү жана Улуттар Уюмунун Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева Коопсуздук кеңешинде ондогон жыл согуштан жабыркаган өлкөдөгү абал тууралуу баяндама жасады.

Отунбаева ооган элинин орчундуу маселелери чечилбесе, ал үчүн эл аралык коомчулук колдоо көрсөтпөсө, өлкөнүн экономикалык туруктуулугу бузуларын эскерткен. БУУнун эсебинде ушул тапта 39 миллион калктын 20 миллионго чукулу ачарчылыкта күн көрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG