Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Министрлик Санариптик кодекстин концепциясын сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандын Санариптик кодексинин долбоорунун концепциясын иштеп чыгып, 19-январда бет ачарын өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Кодекстин долбоору тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов баяндама жасап, “ал кабыл алынса Кыргызстандын санариптик конституциясы сыяктуу бирдиктүү документи болуп каларын” айтты. Анын айтымында, бул документ санариптик технологияларды колдонуу боюнча коомдук мамилелерди тескейт жана аталган тармактагы эрежелерди иретке келтирет.

Иш-чарага президенттик администрациянын, бир катар мамлекеттик органдардын, “Интернет саясатынын жарандык демилгеси” коомдук фондунун өкүлдөрү жана башка адистер катышты. Алар түрдүү сунуштарын айтып, концепцияга алымча-кошумчаларын келтиришти.

Кыргызстандын Санариптик кодексин түзүү тууралуу сунуштар мурдатан айтылып келген. 2021-жылы аны иштеп чыгуу тууралуу жумушчу топ түзүлгөн. Министрликтин басма сөз кызматы документ качан иштелип бүтөрүн тактаган жок.

2022-жылдын август айында президент Садыр Жапаров мамлекеттик мекеме-органдардагы санариптештирүү жараянын сынга алган. Ал анда сентябрга чейин санариптештирүү боюнча отчет бербеген министрлер кызматтан кетерин эскерткен.

Садыр Жапаров туура бир жыл мурда Министрлер кабинетинин жыйынында өкмөт 10 айда миң тоннага жакын кагаз сатылып алынганын айтып, электрондук документке өтүү керектигин билдирген.

Акыркы беш-алты жылдан бери кыргыз бийлиги санариптештирүү жараяны жүргүзүлүп жатканын маалымдап келет. 2018-жыл Кыргызстанда Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү, ал эми 2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды коргоо жылы болуп жарыяланган. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG