Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:48

Давос: Зеленский заманбап курал-жабдык Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарарын айтты


Украин президенти Владимир Зеленский Давостогу экономикалык форумдун катышуучуларына кайрылууда. 18-январь, 2023-жыл.
Украин президенти Владимир Зеленский Давостогу экономикалык форумдун катышуучуларына кайрылууда. 18-январь, 2023-жыл.

18-январда Швейцариянын Давос шаарына чогулган дүйнөлүк лидерлерге Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасап, Батыштын танктары менен абадан коргонуу системасы канчалык чукул арада келсе, ошончолук Орусиянын чабуулдарынын мизин кайтарууга болорун белгиледи.

Зеленский өлкө чыгышындагы айыгышкан кармаштарда украин аскерлери каармандык көрсөтүп жатканын белгилеп, Батышка “тиранияны демократия жеңерине” ишенсе болорун айтты.

Орусия басып кирген 11 айдан бери майданда украин эли тыным албай күрөшүп жатканын белгилеп, Орусия “террористтердин арасынан орун тапканын”, эми согушта күч үрөй баштарына токтолду.

Шаршембиде Киевдин жанындагы шаарда тик учак кулап, Ички иштер министрлигинин жетекчилиги каза тапкан окуядан кийин жеке коопсуздугу тууралуу суроого Зеленский эч нерседен коркпой турганын айтып жооп берди.

Украин делегациясы менен Давоско келген Киевдин мэри Виталий Кличко дагы форумда сүйлөп, 20-январда Германияда өтчү жолугушууда Украинага жаңы курал-жарак берүү “оң жагына чечилет деген ишарат бардыгын” айтты.

Нидерланддын премьер-министри Марк Рютте Амстердам АКШ менен Германияга кошулуп, украиндерди алдыңкы Рatriot системасы менен жабдууга жана адистерин даярдыктан өткөрүүгө салым кошорун айтты.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жума күнү Германияда украиндерге көмөк көрсөткөн союздаштар менен жолукмакчы. Ал ортодо америкалыктар жиберген согуштук техника Даниянын Архус портуна дүйшөмбүдө келгени маалым болду.

Быйыл Давос форумуна Орусиянын расмий өкүлдөрү катышкан жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG