Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:55

Кыргызстандын экономикасы 7% өстү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Былтыр Кыргызстандын ички дүң продуктусу 919 млрд сомдон ашып, 2021-жылга салыштырмалуу 7% өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин былтыркы жылдын алгачкы жыйынтыктарын чыгарган маалыматында айтылат.

Экономиканын өсүү темпи негизинен товардык өндүрүш жана тейлөө кызматтарындагы жылыштар менен камсыздалды. Өндүрүш тармагы 12%, курулуш 8% жана айыл чарба тармагы 7% өстү. Былтыр кызмат көрсөтүү мурдагы жылга караганда 5% көбөйгөн.

Кыргызстандын ички дүң продуктусу соңку жылдары 3-4% өсүү ыргагы менен келаткан. 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу 8,4% төмөндөө менен чыккан. Улуттук статистика комитетинин такталган эсебинде 2021-жылы экономиканын өсүү темпи 6,2% болгон.

ИДП – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG