Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Иранда төрт айга созулган нааразылык акциясында 522 киши каза болду


2022-жылдын сентябрь айында Иранда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон.
2022-жылдын сентябрь айында Иранда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон.

Бул туурасында 15-январда АКШдагы укук коргоочулардын маалымат агенттиги жарыялаган билдирүүдө айтылат. Мерт болгондордун арасында 70 жашы жете элек өспүрүм жана 68 күч кызматкери бар.

Агенттиктин маалыматына караганда, каршылык акцияларында 20 миңге чукул киши кармалып, алардын ичинен 110 кишиге өлүм жазасына алып келчү айыптар коюлууда. Ушул убакка чейин төрт жаран өлүм жазасына тартылды.

Өткөн жылдын сентябрь айында Иранда 22 жаштагы Махса Амини "хижаб кийүү эрежесин бузган" деп кармалгандан кийин Адеп-ахлак полициясында каза болгон. Бул окуядан кийин Иранда кыз-келиндердин укугун коргоого чакырган жапырт нааразылык акциялары тутанган.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарлыгы Ирандын бийлигин күзгү нааразылык акцияларынын катышуучуларына өлүм жазасын колдонууну токтотууга чакырган. Батыш өлкөлөрү да бул тажрыйбаны айыптап жатышат.

Тегеран эл аралык коомчулуктун айыптоолоруна реакция жасай элек. Бирок өлкөдө тутанган акциялар үчүн Батышты айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG