Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:10

Актриса Инна Чурикова каза болду


Инна Чурикова.
Инна Чурикова.

СССРдин эл артисти, актриса Инна Чурикова 79 жашында каза болду.

Бул тууралуу орусиялык медиалар жазышты.

Чурикова 1943-жылы 5-октябрда Белебей аттуу башкыр кыштагында эвакуация маалында туулган. 1945-жылы Чурикованын ата-энеси Москвага жакын Коренова кыштагына көчүп келген.

Мектепти бүткөндөн кийин Чурикова Щепкин атындагы театралдык окуу жайга жана МХАТтын студиясына тапшырууга аракет кылып, өтпөй калган. Үчүнчү жолку аракеттен кийин Щукин атындагы окуу жайдын актердук факультетине өтүп, аны 1965-жылы кызыл диплом менен аяктаган.

Алгачкы жолу 1960-жылы студент кезинде режиссер Василий Ордынскийдин "Борскойдун үстүндөгү булуттар" тасмасында ойногон. Андан кийин бир катар белгилүү тасмаларга тартылган.

Чурикова Орусиянын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси, "Ата Мекен алдындагы кызматы үчүн" орденинин толук кавалери. 2019-жылы ага театралдык искусствого кошкон салымы үчүн "Алтын маска" сыйлыгы ыйгарылган.

Чурикова актердук чеберчилигинен тышкары жарандык көз караштары менен да белгилүү инсан болчу.

Ал 2019-жылы "Мемориал" уюмун коргоп пикетке чыкканда кармалган журналист Виктория Ивлевага колдоо көрсөткөн. Карелиянын Жогорку сотуна тарыхчы Юрий Дмитриевдин ишин Орусиянын башка аймагындагы сотко өткөрүү өтүнүчү менен кат жазган. Актриса Дмитрев үчүн ишеним кат да жазып берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG