Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:40

Казак активисттери эми Киевге боз үй тигишти


Киевдеги боз үйдүн ичи.
Киевдеги боз үйдүн ичи.

Украинадагы казак активисттери Киевдин борборуна дагы бир боз үй тигип, суукта элге тамак-аш таратып жатат.

Бир аптадай мурун Буча шаарына активисттер биринчи боз үйдү тигип, ал жерде да тургундарга ысык тамак уюштура баштаган. Согуштун каарын тарткан украиндерге тилектештик көрсөткөн бул окуя Москванын кыжырын келтирип, Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова Астанадан түшүндүрмө талап кылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Айбек Смадияров бул иш-чарага Астананын тиешеси жок экенин айтып, "жеке компаниялардын демилгеси" деп билдирген. "Биз аларга тыюу сала албайбыз. Өздөрү чогултуп, өздөрү жеткирип, өздөрү орнотуп, өздөрү жардам беришет. Боз үй тигүүдө эч кандай маселе көргөн жокпуз" - деди Акордонун өкүлү.

Казак бийлиги Орусиянын Украинага басып киргенин расмий айыптаган эмес. Бирок өздөрүн "Донецк элдик республикасы", "Луганск элдик республикасы" деген аймактарды тааныбай турганын билдирген. Согуш башталгандан бери Казакстан Украинага бир канча жолу гуманитардык жардам жөнөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG