Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Адвокат Адилет Балтабайдын камалышы тууралуу маалымат берди


Адилет Балтабай.
Адилет Балтабай.

Адилет Балтабайга байланыштуу райондук соттун чечими прокуратуранын аппеляциялык арызынын негизинде жокко чыккан.

Бул туурасында Балтабайдын адвокаты Такен Молдокулов "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, Биринчи Май райондук сотунун былтыр 11-ноябрдагы пробациялык көзөмөл боюнча чечими 30 күндүн ичинде күчүнө кирмек. Бирок прокуратура жарандык активистке жеңил жаза колдонулуп калды деген негизде Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Такен Молдокулов Адилет Балтабайды шаардык соттун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрыла турганын да билдирди.

Блогер Фейсбуктагы баракчасында Бишкекте өткөн казиного каршы митингдерди жана башка нааразылык акцияларын түз эфирде чагылдырып келген. Былтыр 30-июнда милицияга суракка чакырылгандан кийин камалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси ("Жапырт башаламандык") боюнча кылмыш иши козголгон.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту былтыр 11-ноябрда аны күнөөлүү деп таап, беш жылга эркинен ажыраткан. Ошол эле учурда үч жылдык пробациялык көзөмөл чечими кабыл алынып, сот залынан бошотулган. Жарандык активист абактан чыккандан кийин Кемпир-Абад боюнча камалгандардын сотуна барып, 10-январдагы митингге да катышкан. (AiB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG