Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:17

Өзбекстанда депутаттардын саммитине дээрлик 286 миң доллар коротулду


АКШ доллары жана өзбек суму.
АКШ доллары жана өзбек суму.

Өзбекстандык журналисттер Ташкентте өткөн Парламенттер аралык биримдикке мүчө мамлекеттердин лидер аялдарынын 14-саммитине коротулган каражатты иликтеп чыгышты.

2022-жылдын сентябрында өткөн саммитке өзбек парламентинин жогорку палатасы - Олий Мажлис 3 миллиард 230 миллион сум сарптаган. Бул дээрлик 286 миң АКШ долларына барабар.

Kun.uz басылмасынын журналисттеринин колуна тийген документтерге ылайык, бул акчанын тең жарымы эки күндүк тамактанууга, кофе-брейк, жыйындар залынын ижарасына төлөнгөн.

Конокторго белек үчүн 35 миң доллардан көбүрөөк акча иштетилип, 150 даана сумка, халва жана сувенирлер алынган.

Аталган саммитке 17 мамлекеттен 120дан ашуун депутат аял жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG