Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Европа Биримдиги жана НАТО жетекчилиги Брюсселде жолугушту


Шарль Мишел, Йенс Столтенберг жана Урсула фон дер Ляйен.
Шарль Мишел, Йенс Столтенберг жана Урсула фон дер Ляйен.

НАТО жана Евробиримдиктин лидерлери 10-январда Брюсселде жолугушуп, кызматташтыкка таандык биргелешкен декларацияга кол коюшту.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен жана Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишел НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушуудан кийин биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүштү.

"Украинадагы согуш башталгандан бери мен бир нерсени айтып келе жатам, Украина өз аймагын коргоо үчүн бардык аскердик жардамды алышы керек. Сөз албетте, абадан коргонуу системалары жана башка аскердик техника жөнүндө болуп жатат. Бул жардам Украинаны коргоо үчүн гана эмес, БУУнун негизги нормаларын, уюмдун уставын жана эл аралык укуктун принциптерин коргоо үчүн да зарыл", - деди Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.

Ал арада АКШ Украинага кезектеги жардам топтомунун бир бөлүгү катары Stryker аскердик унааларын берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатканын Politico басылмасы өз булактарына таянып билдирди.

Украинанын Соледар шаарында төрт күндөн бери айыгышкан салгылашуу уланууда. Орусиянын "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын жалданма жоокерлери катышып жаткан салгылашта орустар илгерилеп баратканы кабарланды.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кырдаал канчалык оор экенине карабай украин аскерлери чабуулдун мизин кайтарып жатканын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG