Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:35

Германияда химиялык чабуул жасоого шектелген ирандык кармалды


Немистердин полициясы (иллюстративдик сүрөт)
Немистердин полициясы (иллюстративдик сүрөт)

Германияда ирандык жаран массалык түрдө өлүмгө дуушар кылчу химиялык заттар менен кол салууну пландаган деген шек менен кармалганы 8-январда белгилүү болду. Полиция Дортмунд шаарына чукул Кастроп-Рауксел шаарындагы ирандыктын батиринде аны менен чогуу дагы бир адам кармалганын билдирди.

Алардын батиринен атайын коргонуучу кийимчен кишилер бир нерселерди алып чыгышканын көрүшкөн. Бир саамдан кийин Дюссельдорфтун полициясы батирди биринчи жолу тинткенде уулуу заттар табылбаганын билдирген.

Укук коргоо органдарынын маалыматында шектүү цианид жана рицинди колдонуу менен чабуул жасоону пландаган. Бирок ал эмне максат көздөгөнү азырынча беймаалым. Рицин - өсүмдүктөн алынчу өтө уулуу зат.

Кармалган кишинин аты-жөнү айтылган жок. 32 жаштагы эркек Ирандын жараны жана исламдын радикал агымында жүргөнү гана кабарланды.

Немистердин Bild гезити жазгандай, Кылмыш иштери боюнча федералдык мекеме шектүүнү бир нече күндөн бери аңдып жүргөн. Анын теракт даярдап жатканы тууралуу маалымат “атайын кызматтан” келген.

Deutsche Welle агенттиги билдиргендей, төрт жыл мурун Германиянын полициясы Көлн шаарындагы батиринде рицинди даярдап, жардырып сынап көргөн Тунистин жаранын немис аялы менен кармаган. Жубайлар интернеттен кене күнжүттүн уругун көп сатып алып жатканда атайын кызматтын кылтагына илинген. Эксперттер алар үй шартында алган рицин 13 миңден ашуун кишини жок кылууга күчү жетмек деп баалашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG