Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:32

Ташкент "Талибанды" кыздардын билим алуусуна шарт түзүүгө чакырды


Ооганстандык кыздар.
Ооганстандык кыздар.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанда жогорку окуу жайларда кыз-келиндердин билим алуусуна тыюу салынганына тынчсыздануусун билдирди. Ташкент "Талибан" өкмөтүн бул чечимди ооган элинин жаркын келечеги үчүн кайра карап чыгууга үндөдү. Билдирүү 5-январда Тышкы иштер министрлигинин сайтына жарыяланды.

Эл аралык коомчулук тааныбаган “Талибан” өкмөтү 2022-жылдын 21-декабрында ооган аялдарынын университеттерде окуусуна тыюу салган жана ал буйрук дароо, мөөнөтсүз күчүнө киргенин билдирген. Андан мурун кыздарга орто мектепте окуусун чектеген.

Эл аралык уюмдар жана бир катар мамлекеттер бул чечимди айыптаган. Борбор Азиядагы Өзбекстандан башка өлкөлөр талибдердин чечимине азырынча реакция жасай элек.

Кабулда кыз-келиндер билим алууга шарт түзүүнү талап кылып утур-утур акцияга чыгып жатат.

2021-жылдын жайында Ооганстанда катаал исламчыл “Талибан” кыймылы бийликке келген. Бул кыймыл Кыргызстанда "экстремисттик" деп табылып, 2006-жылы сот анын ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG