Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:57

ИИМ: Былтыр 13 миң мас айдоочу кармалган


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда былтыр милициянын колуна түшкөн мас айдоочулардын саны 13 миңден ашканын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, 2021-жылы бул көрсөткүч 12 миң болгон.

Мас болуп алып машина айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоору 29-декабрда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынган.

“Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок ошого карабастан кайра эле ичип алып машина айдап жатышат. Ошондуктан, кескин азайбай жатканынан айдоочу укугунан бир жылга ажыратуу боюнча ушул мыйзам долбоорун алып келип жатабыз”, - деген депутаттарга маалымат берген ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев.

Эл өкүлү Дастан Бекешев сунушталып жаткан норма жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн милиция кызматкерлеринин арасында коррупцияны ого бетер күчөтөрүн белгилеген.

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет. Ага ылайык, мас абалында машина айдагандарга айыппул деген норма алынат. Анын ордуна ичип алып биринчи жолу кармалса айдоочу күбөлүгүнөн бир жылга ажыратылат, эгер кайра кайталанса, үч жылга ажырайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG