Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:27

"Ромео жана Жульеттада" ойногондор Paramount компаниясын сотко берди


Франко Зеффирелли.
Франко Зеффирелли.

1968-жылы тартылган "Ромео жана Жульетта" тасмасында башкы ролду ойногон Леонард Уайтинг менен Оливия Хасси Paramount компаниясын сексуалдык эксплуатацияга айыптап, 500 миллион доллардан ашуун доо коюшту.

70тен ашкан Уайтинг менен Хассинин айтымында, режиссёр Франко Зеффирелли аларга төшөк сценаларына тартылганда түссүз ич кийим кийгизүүнү убада кылган. Бирок кийин жылаңач тартылууга мажбурлаганын, "антпесе тасма ийгиликсиз чыгып, алар андан ары эч жерде, айрыкча Голливудда иштей албай каларын" айтканын белгилешкен.

Тасма тартылган маалда Хасси 16, Уайтинг 17 жашта болгон. Экөөнүн менежери Тони Мариноцци актерлор жаш кезде режиссердун айтканын аткарууга мажбур болгонун билдирди.

Сотко жолдонгон арызда Хасси менен Уайтинг тасмага тартылгандан кийин моралдык кыйынчылыкка туш болгону жазылган. Аталган тасма эки "Оскар" жана үч "Алтын глобус" алганына карабай, экөөнүн тең актердук карьерасы ийгиликтүү болгон эмес.

Көркөм фильмдин режиссеру Франко Зеффирелли 2019-жылы көз жумган.

Paramount компаниясы азырынча буга комментарий бере эллек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG