Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Өзбекстан: АКШ элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүү кооптуу экенин эскертти


Иллюстрация
Иллюстрация

АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Мексика аркылуу өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар адам сатуу жана каржылык алдамчылык кылмыштарынын курмандыгы катары өз өмүрлөрүн тобокелге салып жатканын эскертти.

"АКШга мыйзамсыз каналдар аркылуу баруу эч качан коопсуз эмес",- деп айтылат билдирүүдө.

Элчилик өзбекстандыктарды мыйзамсыз миграциянын коркунучуна кабылбай, мыйзамдуу жолдорду тандоого үндөдү.

Акыркы жылдары Мексика чек арасы аркылуу АКШга мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандардын саны көбөйгөнүн расмий маалыматтар ырастайт. Мексикадан ары АКШга өткөн кооптуу жолду тандагандардын арасында кыргызстандыктар да бар экенин "Азаттык" буга чейин кабарлаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG