Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Кабулдун аскердик аэропортунун жанында жардыруу болду


Кабулдагы аскердик аэропорт.
Кабулдагы аскердик аэропорт.

1-январда Ооганстандын борбору Кабулдун аскердик аба майданынын сыртында жардыруу болду. Андан мерт болгондор жана жаракат алгандар бар экенин "Талибан" өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Абдул Нафи Таков билдирди.

Ал курмандыктардын санын жана жардыруунун артында ким турушу мүмкүндүгүн тактаган жок. Иликтөө жүрүп жатканын гана белгиледи.

Соңку мезгилде Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобунун кандуу чабуулдары күчөдү. Бул топ бир нече жуманын ичинде Кабулдагы бир катар негизги жайларды бутага алды.

"Талибан" кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын август айында Кабулду ээлеп, узак жылдан кийин кайра бийликке келген. Анда талиб жетекчилери "Ооганстан террорчулардын чордонуна айланбайт" деп убада беришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG