Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:26

2024-жылга чейин ун жана буудай импорттоодон кошумча нарк салыгы алынбайт


Кыргызстанда буудай жана унду импорттогондор 2024-жылга чейин кошумча нарк салыгынан бошотулду. Министрлер кабинетинин бул тууралуу токтому 29-декабрда жарыяланды.

Ага ылайык, мындай жеңилдик 2023-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот.

27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда азык-түлүк жетиштүү экенин билдирген. Ал өлкөдө тамак-аш коопсуздугу маанилүү экенин, азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси караларын айткан.

Буга чейин Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясынын башчысы Рустам Жунушов 2023-жылдан баштап буудайдын баасы 12%, ун 14-15% кымбатташы мүмкүн экенин билдирген. Буга Министрлер кабинетинин күнүмдүк керектелүүчү азык-түлүк баасын аныктаган токтомунун мөөнөтүнү аяктап жатканы себеп болгону белгиленген. Жунушов мындан улам эми импорттолгон азык-түлүктөрдөн 12% киреше салыгы алына баштай турганын айткан.

Министрлер кабинети Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болбогон мамлекеттерге 100 миң тоннадан ашык унду ташып чыгууга тыюу салган. Мындай чектөө ушул жылдын 1-ноябрынан 31-декабрга чейин киргизилген.

Кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүнүн экспортуна убактылуу чектөө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана бааны турукташтыруу үчүн кабыл алынганын билдирген.

Быйыл алгачкы сегиз айдын ичинде Кыргызстанда кумшекер 41%, ун 25,5%, мөмө-жемиш 20,7%, сүт азыктары 16,7% кымбаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG