Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Өзбекстанда министрлик, мекемелердин саны азайтылат


Ташкент шаары.
Ташкент шаары.

Өзбекстандын президенти министрликтер менен мекемелердин санын 61ден 28ге азайтуу тууралуу буйрукка кол койду. Айрым мекемелер жоюларын жергиликтүү маалымат каражаттары билдирди. Бул план эмки жылдын 1-январынан тарта ишке ашырылмакчы.

Шавкат Мирзиеев мамлекеттик органдарды оптималдаштыруу пландарын жакында парламенттеги кайрылуусунда ортого салган.

Документке ылайык, эми аткаруу бийлигинин органдарынын штаты 30% азайтылып, «айлык акы адилет төлөнөт». Үнөмдөлгөн каражат социалдык маселелерди чечүүгө жумшалмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG