Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Токмок жылуулук борборундагы нааразылык боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

"Кыргызжылуулукэнерго" мамлекеттик ишканасы Токмок шаарындагы жылуулук борборунун кызматкерлеринин нааразылыгына байланыштуу билдирүү таратты.

26-декабрда эртең менен аталган ишкананын кызматкерлери жаңы дайындалган жетекчи Тыныбек Козубаев мурда соттолгонун айтып, аны менен иштешүүгө нааразылык билдиришкен.

Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова жаңы дайындалган жетекчини эмгек жамааты менен тааныштырууга алып келишкенде, кызматкерлер аны киргизбей коюшканын "Азаттыкка" айткан.

"Кыргызжылуулукэнерго" ишканасы Токмок жылуулук тармактары ишканасынын жаңы директору Тыныбек Козубаевдин соттуулугу жок экенин маалымдады.

“Козубаев боюнча териштирүү 2012-жылы болгон. Анын жыйынтыгында ал соттун чечими менен акталган. Учурда анын соттолбогону тууралуу Ички иштер министрлигинен алынган маалымкаты бар",- деп айтылат ишкананын билдирүүсүндө.

Анда азыр кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланган.

Андан сырткары Токмок шаарына жылуулук берүү үзгүлтүккө учураганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганы, ишкана штаттык режимде иштеп жатканы жазылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG