Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Ооганстан: Аялдарга салынган тыюудан кийин үч уюм ишин токтотууда


Билим алууну чектеген эрежелерге каршы чыккан ооган аялдары. 22-декабрь, 2022-жыл.
Билим алууну чектеген эрежелерге каршы чыккан ооган аялдары. 22-декабрь, 2022-жыл.

Бир катар чет элдик гуманитардык уюмдар Ооганстандагы ишмердигин токтотконун жарыялашты. Save the Children, Норвегиянын Качкындар кеңеши жана CARE уюму аял кызматкерлерсиз өлкөдөгү кыз-келиндерге жана балдарга көмөк көрсөтө албай турганын билдиришти.

Норвегиянын Качкындар кеңешинин Ооганстан боюнча башчысы Нил Тернер Ассошиэйтед Пресс агенттигине: "Биз бардык маданий нормаларды сактадык. Элдин аялуу катмарына, аялдарга көмөк көрсөтүү үчүн биз аял кызматкерлерге муктажбыз", - деди. Анын белгилешинче, өлкөдө алардын уюмуна 468 кыз-келин жардам берет.

Эл аралык коомчулук тааныбаган талибдердин бийлиги 24-декабрда буйрук чыгарып, бейөкмөт уюмда эмгектенген аялдардын иштешине тыюу салган. Бул чечим оогандык аялдарга гана тиешелүүбү же ал жакта ишмердик жүргүзгөн чет элдиктер да баш ийиши керекпи, азырынча белгисиз.

Буга чейин талибдер кыз-келиндердин билим алышын чектеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG