Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:56

Шойгу армияга чакыруу курагын 30 жашка чейин деп өзгөртүүнү сунуш кылды


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.
Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу армияда милдеттүү кызмат өтөө курагын 18ден 21 жашка көтөрүүнү сунуш кылды. Мекеменин шаршемби күнкү коллегиясында 30 жашка чейин армияга чакырса болот деген өзгөртүү киргизүү тууралуу айтылды. Мурдагы чек 27 жашка чейин болчу.

Шойгу куралдуу күчтөрдүн санын бир жарым миллионго жеткирүү пландалганын, келишим менен кызмат өтөгөндөр 695 миңди түзөрүн белгиледи. Азыр орус армиясы 1 150 628 аскерден турат. Ошол эле маалда министр кошумча мобилизация же кызмат өтөөнүн мөөнөтүн узартуу маселеси тууралуу айткан жок.

Ал «НАТО орус чек арасына жакын жерде аскердик потенциалын топтоп жатканын» айтып, түндүк-батыш тарапта армияны күчтөндүрүүнү сунуш кылды.

Жыйында сүйлөгөн президент Владимир Путин мамлекет армияны толук камсыздаганын белгиледи. Ошондой эле Кремль «атайын операция» деп атаган согуш кандай маселелердин бетин ачканын тизмектеди. Орус лидери ал «операция» өтөсүнө чыгарын кайталады.

Шойгу аларды аткаруу министрликтин эмки жылдагы максаттары экенин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG