Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Сыдыков тогуз кооперативдин жетекчиси кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков ушул убакка чейин тогуз кооперативдин жетекчиcи кармалганын билдирди. Бул тууралуу ал 21-декабрда парламентте “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү” мыйзам долбоору талкууланган учурда айтты.

Талкуу учурунда депутат Адахан Мадумаров элди ыйлаткан кооперативдерге чара көрүлбөй жатканына кызыкты. Эл өкүлү "Ихсан" кооперативин мисал келтирди.

"Юстиция министрлиги кооперативдер боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Буйруса январь айында алдыңыздарга келет. Бүгүнкү күндө тогуз кооперативдин төрагасы абакта отурат же ачыкка чыгып териштирүү иштери жүрүп жатат", - деди Сыдыков.

Май айында Ички иштер министрлиги жыл башынан бери кыймылсыз мүлк чөйрөсүндөгү турак жай кооперативдеринин ишмердүүлүгү боюнча 130дан ашуун кылмыш иши козголуп, 37 материал сотко жөнөтүлгөнүн маалымдаган. Мындай коопертивдерге нааразы болгон акциялар өткөн.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Бейрасмий маалыматтар боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.

Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик каржылык пирамиданын элементтерине окшош экенин эскерткен. Ошол эле кезде кооператив менен там алгандар да бар.

Мадумаров сөз кылган "Ихсан" турак жай кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 11-июнда Бишкекте кармалган, сот аны эки айга камакка алган. Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, абактагы мөөнөтүн узарткан.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG