Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:19

Уставдык капиталы 20 млрд. сомдук мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөт


Мыйзамга ылайык, өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин жети мүчөсүнүн үчөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.
Мыйзамга ылайык, өнүктүрүү банкынын директорлор кеңешинин жети мүчөсүнүн үчөөнү Жогорку Кеңеш көрсөтөт.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин 19-декабрдагы жыйынында бул комитеттин төрагасы, депутат Данияр Төлөнов Кыргызстанда мамлекеттик өнүктүрүү банкы түзүлөрүн айтты. Бул өкмөттүн демилгеси экенин билдирип, башкы максаты бизнести колдоо болорун белгиледи.

"Негизи бул банкты максаты акча табуу эмес. Орто жана ири бизнестерди өнүктүрүү максатында насыя берүү болуп саналат.Мамлекеттик өнүктүрүү банкын түзүү мыйзамы бар, ал жерде так жазылып турат. Банктын директорлор кеңеши жети мүчөдөн турат, алардын арасынан төраганы Министрлер кабинетинин төрагасы өзү дайындайт. Үч талапкерди өкмөт өзү сунуштап бекитет, калган үч талапкерди Жогорку Кеңеш сунуштайт. Бирок бизге эки киши деп кат келген. Биз болсо мыйзамга таянып үч талапкерди берели деп чечтик. Ар бир фракцияга талапкерлерди көрсөткүлө деп каты жолдогонбуз. Алты фракциядан сунуш келип түштү, эки фракцияны үч апта күттүк. Алардын арасынан үчөөнү депутаттар тандайт",-деди Төлөнов.

"Элдик" депутаттар тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев ага талапкер көрсөтүү жөнүндө кат бүгүн гана келгенин айтып, Төлөновдун эки жума күткөнү тууралуу билдирүүсүн туура эмес деп атады. Ал "Альянс" фракциясы менен бирге бир адамды көрсөтүшөрүн кабарлады.

Мамлекеттик мүлк фондунун башчысы Мирлан Бакиров бул жыйында мамлекеттик өнүктүрүү банкынын уставдык капиталы 20 миллиард сом болорун кошумчалады.

"Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" мыйзам 2012-жылы кабыл алынган. Анын максаты - экономиканын артыкчылыктуу жана стратегиялык тармактарын өнүктүрүү жана дем берүү экени айтылган жана атайын банк түзүү каралган. Бирок буга чейин акча маселесинен улам ал ишке ишке ашпай келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG