Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:33

Сооронкулова эки активистти ооруканага жаткыруу керектигин билдирди


Активисттер Орозайым Нарматова жана Перизат Суранова темир тор артында отурушат. Сот залы. Декабрь, 2022-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Активисттер Орозайым Нарматова жана Перизат Суранова темир тор артында отурушат. Сот залы. Декабрь, 2022-жыл. Бишкектин Биринчи май райондук соту.

Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы Клара Сооронкулова абакта ачкачылык кармап жаткандардын абалы боюнча коомчулукка кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун укук коргоочу Азиза Абдирасулова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Анда Сооронкулова Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын абалы оор экенин, алар өз алдынча баса албай калганын жазган.

"Мен билген маалыматка караганда, Суранова оор абалда, өз алдынча баса албайт. Анын ден соолугу тууралуу суроолорго СИЗОнун жана санитардык бөлүмдүн кызматкерлери жооп берүүдөн баш тартып жатышат. Анын тагдырына көңүл кош карабагандарга аны тез арада ооруканага жаткыруусун талап кылууну суранам. Ооруканага жаткыруудан баш тартылышын атайылап медициналык жардам көрсөтпөө аракети катары баалайбыз. Нарматованын абалы дагы оор. Анын кусуп жатканы биздин кошуна камерага чейин угулуп жатат. Бирок ал дагы керектүү медициналык жардамды албай жатат", - деген Сооронкулова.


Буга чейин акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган.

Акыйкатчы 19-декабрь түнү абакта ачкачылык кармап саламаттыгы начарлап кеткени айтылган Перизат Сурановага кирип чыккан. Анын айтымында, Сурановага "Тез жардам" чакыртылып, бирок активист абактан медициналык жардам алуудан баш тарткан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу "Азаттыкка" учкай комментарий берип, алардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын айтты.

Ал ошондой эле оор абалда экени айтылган Перизат Сурановага "Тез жардам" кызматы чакырылып, медициналык кароодон өткөрүлүп, ооруканага жаткырууга негиз жок деген корутунду чыгарылганын маалымдады.

Учурда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган 20дан ашуун кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG