Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:45

Жаза аткаруу кызматы: ачкачылык кармагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө


Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам кармалган.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу 20дан ашык адам кармалган.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова Кемпир-Абад ишине байланыштуу тергөө абагында отурган, учурда ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу "Азаттыкка" учкай комментарий берди. Алардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын айтты.

Ал ошондой эле ачкачылык кармагандардын бири, оор абалда экени айтылган Перизат Сурановага "Тез жардам" кызматы чакырылып, медициналык кароодон өткөрүлүп, ооруканага жаткырууга негиз жок деген корутунду чыгарылганын маалымдады.

Мунун алдында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова ачкачылык кармап жаткандарга байланыштуу Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган. Ал өз катында алардын саламаттыгын атайын комиссия менен текшерип чыгышы керектигин, бул комиссияга укук коргоочулар дагы кириши зарылдыгын жазган. Акыйкатчы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсыздануу жаратарын белгилеген.

Суранованын абалы кескин начарлап кеткени 18-декабрдын кечинде кабарланган.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына алты күн болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG