Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:08

Катар-2022: Аргентина футбол боюнча дүйнө чемпиону болду


Аргентинанын курама командасы жеңишин майрамдап жаткан учур
Аргентинанын курама командасы жеңишин майрамдап жаткан учур

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты аяктады. 18-декабрда Франция менен Аргентинанын финалдык беттеши "Лусаил" стадионунда өттү. Оюндун биринчи жарымында аргентиналыктар талааны толугу менен көзөмөлгө алып, удаа-удаа чабуулга өтүп жатты. Эсепти 23-мүнөттө команданын капитаны Лионел Месси ачып, Аргентина алдыга чыкты. Андан 13 мүнөттөн кийин оюндун 36-мүнөтүндө Ди Мария гол киргизип, эсеп 2:0 болду.

Экинчи таймда француздар оюнду жандуу баштап, эки топту каршылашынын дарбазасына таамай тээп киргизе алды. Эсеп 2:2. Эки голдун тең автору ПСЖ командасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе болду.

Кошумча 15 мүнөттөн берилген эки таймда атаандаштар бири-бирине бирден гол киргизип, эсеп 3:3 менен аяктап, жеңүүчү аныкталбай калды. Командалар күчтөрүн пенальти сериясында сынап, Лионел Скалонинин командасы өзүнүн мыкты даярдыгын далилдеп, 4:3 менен аргентиналыктар жеңди.

Аргентина - Америка Кубогунун жеңүүчүсү. Ошондой эле дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду. (1978, 1986, 2022)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG