Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:20

Президент Жапаров мигранттар күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду


Жол курулушунда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар. Москва.Архив.
Жол курулушунда иштеп жаткан кыргызстандык мигранттар. Москва.Архив.

Президент Садыр Жапаров мигранттар күнүнө байланыштуу кайрылуу таратып, тиешелүү мамлекеттик органдар мигранттарды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында иштеген жарандарды колдоо үчүн болгон аракеттерди жасап жатканын билдирди.

Анын айтымында, чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттар жеке жашоосун гана эмес, туулуп-өскөн аймагындагы социалдык маселелерди чечүүгө, жалпы эле Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатат.

"Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде. Мисал катары 2021-жылдын 29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Миграциялык саясатынын концепциясы бекиген. Бул документ өлкөдөгү миграция жараянын жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат," - деп жазылган кайрылууда.

Президент Кыргызстандын өзүндө жумуш орундарын түзүү менен мигранттар өз мекенинде иштеши үчүн күч-аракет жумшай турганын кошумчалаган.

18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнү белгиленүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Бейрасмий эсеп менен орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул.

Ушул тапта кыргызстандык жарандар АКШ, Канада, Европа, Түштүк Кореяда, Түркияда, Африка өлкөлөрүндө эмгек мигранты болуп жүрүшөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG