Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:56

Абактагы активист үй-бүлөсү үчүн элден жардам сурап кайрылды


Али Шабдан сот залында.
Али Шабдан сот залында.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, Биринчи май райондук соту тарабынан 20-февралга чейин абакка камалган активист Али Шабдан үй-бүлөсү каржылык жактан кыйналып жатканын билдирди.

Ал Фейсбуктагы баракчасына келинчеги бала менен иштей албасын айтып, коомчулуктан үй-бүлөсүнө каржылык жардам сураган.

"Достор, мени дагы эки айга калтырып койгонун билесиңер. Үй-бүлөм финансы жагынан кыйналып жатат. Келинчегимдин кичинекей бала менен иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, бала багуучуга да таштап иштегенге мүмкүнчүлүгү жок, мен өзүм иштеп, үй-бүлөмдү бакчумун. Достор силерден суранам, акчалай жардам берип койгула. Көп тукүрсө кол болот",- деп жазды активист.


Буга чейин "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин ишин улантуу жана жапырт камалгандардын үй-бүлөлөрүн колдоо максатында атайын эсеп ачылганы кабарланган. Комитеттин ишин улантып жаткан активист, жапырт камалгандардын бири - Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбайдын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, атайын эсепке түшкөн каражаттан Али Шабдандын үй-бүлөсүн колдоого, келинчеги ооруп калганда дарылануусуна жана бала багуучусуна төлөп берүүгө каражат берилген.

Али Шабдан Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен кармалып, камакка алынган.
Бул берене менен шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылууда. Алардын бири - Орозайым Нарматованын ден соолугу начарлап жатканын адвокаты 16-декабрда "Азаттыкка" билдирген.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык жарыялоо тууралуу 17 адам билдирме бергенин кабарлоодо.

Президент Садыр Жапаров 17-декабрда "Кабар" агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айтты. Аларды төңкөрүш кылып, бийликти алмаштыруу үчүн Кемпир-Абадды шылтоо кылган деп айыптады.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG