Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:46

"Азиздер жана дүлөйлөр коомуна" коммуналдык кызмат акысын төлөөдө 50% жеңилдик берилет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы "Азиздер жана дүлөйлөр коомунун" ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн суу, канализация, коммуналдык кызматтар жана газдын акысын төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Жеңилдик мамлекеттик бюджеттен берилет. Тиешелүү чечим Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы жыйынында кабыл алынды.

Өкмөттүн сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, бул чечим "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомундагы" майыптыгы бар адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

“Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар 8 миңден ашуун адам мүчө. Коомдук бирикмеге 11 окуу-өндүрүштүк ишкана караштуу. Аларда көрүүсү жана угуусу боюнча майыптыгы бар жарандар иштейт.

Кыргызстанда 202 300 майыптыгы бар адам бар, алардын 35 миңи балдар. Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан өйдө биринчи топтогу майыптыгы барларга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Майыптыгы бар адамдарды караган жардамчылардын саны 8493кө жетет. Алардын айлык акысына бюджеттен жылына 305,7 млн. сом бөлүнөт.

Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга коомдук жайларда жүрүүгө шарттын жоктугу, жумуш менен камсыз кылуу начар экени айтылып келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG