Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:45

Адвокат абакта жаткан Орозайым Нарматованын абалы начарлаганын кабарлады


Орозайым Нарматова сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.
Орозайым Нарматова сот залында. 9-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камалып, тергөө абагында ачкачылык жарыялаган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы начарлаганы кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Гуляна Убалиева билдирди.

“Бүгүн түштөн кийин алсыздыктан эсин жоготкон. Анын ашказаны буга чейин эле ооруп жүргөн. Дарыгерлер “алсыз болуп атасың, глюкоза сайыш керек” десе макул болгон эмес. Ушундан кийин ашказанынын оорусун басыш үчүн дары сайышыптыр. Орозайымдын эртеден кечке башы ооруп, үч күндө төрт килограмм арыктады”, - деди жактоочусу.

Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жаткан 20дан ашык кишинин 19у 13-декабрдан тарта саясий ачкачылык жарыялаган. Алар бийликтен саясий куугунтукту, сөз эркиндигине басымды токтотууну талап кылышууда.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова ачкачылык жарыялаганы тууралуу 17 адам арыз бергенин кабарлады. Алардын абалы тууралуу комментарий бере элек.

12-13-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакка алынган 20дан ашык кишинин тергөө абагындагы мөөнөтүн дагы эки айга - 20-февралга чейин узарткан. Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-февралга чейин камакта калган, Нурлан Асанбековдун үй камагындагы мөөнөтү да 20-февралга чейин узартылган.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогерлер быйыл 23-28-октябрда жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө. Ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат.

Президент Садыр Жапаров 26-ноябрда Элдик курултайда суроолорго жооп берип жатып, Кемпир-Абад иши боюнча камакка алынгандар өлкөдө башаламандык уюштурууну пландашканын, бул ишке сот чекит коёрун айткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG