Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:16

Тажикстан журналисттер көп соттолгон өлкөлөрдүн тизмесине кирди


Тажикстанда камалган журналисттер.
Тажикстанда камалган журналисттер.

"Журналисттерди коргоо комитети" Тажикстанды маалымат каражаттарынын өкүлдөрү эң көп соттолгон 12 өлкөнүн тизмесине киргизди.

Комитеттин 14-декабрда жарыяланган баяндамасында Тажикстанда алты журналист түрдүү мөөнөттөргө эркинен ажыратылганы белгиленген. Бул - Борбор Азиядагы эң жогорку көрсөткүч.

Баяндаманын авторлору журналисттердин иши сот залында эмес, тергөө абактарында жабык режимде каралып келгенин, айрым айыпталуучулар кыйноолорго даттанганын жазышкан.

Тажикстанда 2022-жылы журналисттер жана блогерлер Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Саидамини, Улфатхоним Мамадшоева, Мухаммади Султон жана Хушруз Жумаев түрдүү мөөнөттөргө соттолуп, камакта отурушат. Аларга жалган маалымат таратуу, экстремисттик уюмдардын ишмердигине катышуу, тыюу салынган уюмдар менен кызматташуу өңдүү айыптар тагылган. Журналисттер менен алардын жакындары бул айыптоолорду четке кагып келишет.

Буга чейин бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тажик бийлигин журналисттер менен блогерлерди эркиндикке чыгарууга үндөшкөн. Тажикстандын бийлиги алардын чакырыктарына эч кандай реакция кылган эмес.

"Журналисттерди коргоо комитети" 2022-жылдын 1-декабрына карата дүйнөдө 363 кабарчы эркинен ажыратылганын, бул өткөн жылдагыдан 20% көптүгүн жана жаңы глобалдык максимум экенин белгилеген.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюмунун маалыматына караганда, 1-декабрга карата дүйнө жүзү боюнча 533 журналист камалган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 13,4% көп. Кармалган журналисттердин 15% аялдар.

Мындай учурлардын жарымынан көбү беш өлкөгө: Кытай, Мьянма, Иран, Вьетнам жана Беларуска туура келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG