Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:01

Жапаров УТРКны эң көрүмдүү каналга айлантуу милдети турганын белгиледи


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Улуттук телерадиокорпорацияны (УТРК) эң көрүмдүү каналга айлантуу милдети турганын бүгүн, 13-декабрда президент Садыр Жапаров мекеменин 90 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө улуттук каналга колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Президенттин маалыматы боюнча, буга чейин каналдын бюджети 397 миллион сом болсо, соңку өзгөртүүлөрдөн кийин 664 миллион сом болуп калды.

“Элибиз эзелтеден маалымат жаратуучулар менен таратуучуларды сыйлап келген. УТРК 90 жыл аралыгында оңой эмес жолду басып өттү. Мамлекеттүүлүктүн чыңдалышына салым кошту. УТРК коомчулук жамгырдай сын жаадырган учурда сынган жоксуңар”,- деди Жапаров.

Президент Жапаров КТРКнын макамын улуттук кылып өзгөртүү боюнча мыйзамга быйыл май айында кол койгон. КТРКнын 15 адамдан турган Байкоочу кеңеши каналдын директорун добуш берүү жолу менен төрт жылга шайлап келген болсо, эми УТРКнын башкы директорун дайындоо жана иштен алуу укугу президентте болот. Каналдын байкоочу кеңеши жоюлуп, жетекчи аткарылган иштер тууралуу жыл сайын президентке маалымат берип турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG