Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:46

Нукус окуяларын иликтеген комиссия кыйноо боюнча түшүндүрмө сурады


Бухарада 22 кишинин соту 28-ноябрда башталды.
Бухарада 22 кишинин соту 28-ноябрда башталды.

Каракалпакстан окуяларын иликтөө боюнча Өзбекстандын Олий Мажлиси (парламент) түзгөн көз карандысыз комиссия жапырт башаламандык уюштурууга шек саналып кармалгандарга каршы ашыкча күч колдонулганы жаатында Башкы прокуратурадан түшүндүрмө сурады. Кайрылуу башкы көзөмөл органына жөнөтүлгөнүн комиссия 12-декабрда жарыялады.

Комиссия кармалган 516 жаранга, соттолгондорго, соттолуп жаткандарга укук коргоо органдарынын кызматкерлери күч колдонгон же колдонбогону, адам укугун бузган жагдайларга жол берилген-берилбегени жаатында маалымат сураган.

Каракалпакстан окуялары боюнча айыпталган 22 кишинин соту Бухара облусунда өтүп жатат. Сот отурумун түз эфирде көрсөтүү 5-декабрда убактылуу токтотулду. Бул күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө байланыштуу кабыл алынган. Тагыраагы, Өзбекстандын Кылмыш-процессуалдык кодексине ылайык, күбөлөр башка күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн укпашы керек.

Соттон түз эфир токтотулардан мурда Каракалпакстан окуяларына байланыштуу негизги фигурант саналган Даулетмурат Тажимуратов тергөө маалында, кармоо учурунда кыйноо колдонулганын, нааразылыкка чыккандарды таратуу үчүн ок атылганын айткан.

Быйыл 1-2-июль күндөрү Каракалпакстандын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Конституциясынан жумурияттын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунушуна каршы чыгышкан.

Митингдер күч менен басылганда кан төгүлгөн. Өзбек бийлиги 18 киши (14 жай тургун, төрт тартип коргоочу) каза тапканын, 516сы кармалганын билдирген.

4-июлда өзбек парламенти Каракалпакстандын макамын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG