Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:09

Ослодо тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы тапшырылды


Сыйлык ыйгаруу учуру.
Сыйлык ыйгаруу учуру.

Осло шаарында 10-декабрда тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы тапшырылды. Быйыл бул сыйлык Украинадагы "Жарандык эркиндик" борбору менен орусиялык "Мемориал" уюму, Беларустун "Весна" укук коргоочу борборунун өкүлү, саясий туткун деп табылган Алесь Беляцкийге ыйгарылды.

Аземге "Мемориал" уюмунан башкаруу кеңешинин мүчөсү Ян Рачинский катышты. Бул уюм Орусияда соттун чечими менен чет элдик агент деп табылган.

Рачинский өз сөзүндө «Владимир Путин бийликке келгенден тарта Орусиянын бийлиги жана идеологиялык багыты өз коңшуларына карата аёосуз идеологиялык саясатты баштап, агрессиялык согуш жүргүзүп жатканын" айтты. "Бандеровчулар" жана "улутчулдар" менен күрөшүү идеологиясы Украинадагы акылга сыйбаган басып алуучу согушка түрткөнүн белгиледи.

Буга чейин ал Би-Би-Синин HARDtalk программасына Нобел сыйлыгын алган орусиялык уюмдарга бийлик андан баш тартууну сунуштаганын айткан.

"Бизге бийлик сыйлыктан баш тартууну сунуштады, буга биз менен кошо сыйлык алып жаткандардын татыксыз экенин жүйө келтиришти, албетте биз бийликтин сунушуна эч кандай реакция кылган жокпуз", - деди Рачинский.

Украинанын "Жарандык эркиндик борборунан" сыйлык алууга укук коргоочу Александра Матвийчук катышып, өлкөсүндөгү согушту токтотууга чакырды:

"Канча убактыбыз калганын билбейбиз. Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгын согуш маалында алып жаткандыктан, дүйнөнү ынтымакка чакырам. Украинаны колдоо үчүн сөзсүз түрдө украиналык болуу кажет эмес. Жөн гана адам бойдон калалы", - деди Матвийчук.

Беларуста камакта жаткан укук коргоочу Беляцкийдин ордуна Ослого анын жубайы Наталья Пичнук барды.

Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери ыйгарылып келе жатат. 120 жылдын ичинде 109 кишиге жана 25 уюмга берилди. Сыйлык алгандардын 18и аялдар, эң жашы пакистандык активист - Малала Юсуфзай.

Эл аралык Кызыл Чырым уюму бул сыйлыкты үч ирет алган. Орусиядан укук коргоочу Андрей Сахаров, СССРдин президенти Михаил Горбачев, "Новая газетанын" редактору Дмитрий Муратовго берилген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG