Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:44

Тоолуу Бадахшанда кармалган журналист 21 жылга кесилди


Улфатхоним Мамадшоева
Улфатхоним Мамадшоева

Тажикстандын Жогорку соту башаламандык уюштурууга айыпталган журналист жана активист Улфатхоним Мамадшоеваны 21 жылга абакка кести.

“Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, апта башында чыккан өкүм эми гана белгилүү болду. Жогорку сот бул тууралуу комментарий берген жок.

Мурдараак айыптоочулар аны 25 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн. Мамадшоевага каршы Кылмыш-жаза кодексинин сегиз беренеси, анын ичинде “Тажикстандын конституциялык түзүлүшүн күч менен өзгөртүүгө ачык чакырык жасоо” деген айып да тагылган. Иштин башка чоо-жайы белгисиз.

Сентябрда коңшу өлкөнүн Жогорку соту башаламандык уюштурууга айыпталган Тоолуу Бадахшан автоном облусунун чек ара аскерлигинин мурдагы башчысы Холбаш Холбашовду өмүр бою абакка кескен.

18-майда Холбашов мурдагы жубайы Улфатхоним Мамадшоева менен бир күндө кармалган. Бийлик Холбашовду Рушан аймагындагы “уюшкан кылмыштуу топтун лидерлеринин бири” деп атаган. Бирок отставкадагы генералдын айрым жакындарынын айтымында, ал кармалган күнгө чейин Тажикстандын чек ара кошуунунда кызмат өтөгөн.

Тажик бийлиги “антитеррордук операция” деп атаган кармоолордо Холбашов менен бирге Рушан районунун 78 тургуну кармалып, Дүйшөмбүгө жеткирилген.

Укук коргоочулар бул айыптоолорду “жок жерден ойлоп табылган” деп сыпатташкан. Айыпталуучулар тергөө калыс болбогонун белгилеп, кылмыш иштеринин калыс каралышын талап кылышкан.

Тоолуу Бадахшан автоном облусунда 14-майдан тартып нааразылык акциялары башталган. Күч органдары 18-майда жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда тажик бийлиги "сегиз жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 100дөн ашык адам кармалганы ырасталды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG