Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:04

Акыйкатчы Кыргызстан полициялык өлкөгө айланууда деген кооптонуусун билдирди


Атыр Абдрахматова. Архивдик сүрөт.
Атыр Абдрахматова. Архивдик сүрөт.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстан полициялык өлкөгө айланып баратат деген кооптонуусун бүгүн 9-декабрда Бишкекте Адам укуктарынын эл аралык күнүнө карата уюштурулган жыйында сүйлөп жатып билдирди. Ал акыркы кезде укук тартибин коргоо органдары адам укуктарын одоно бузган учурлар көбөйгөнүн белгиледи:

“Тилекке каршы, укук тартибин коргоо органдары аябай жаман тажрыйба баштап алышты – бирөө башкача пикир айтса эле анын бөгөт чарасы катары камакка алууну тандап жатышат. Баарын жапырт. Бир гана активисттер менен журналисттерге же укук коргоочуларга каршы эмес, бизнеске да ушундай болууда. Бизнестен да арыз-даттануулар көп. Бул бизди полициялык мамлекет кылган тенденция болуп жатат. Ошол эле кылмышкер же коррупционер деп белгилүү болгон адамды алдынан тосуп, “кызыл килем” менен киргизип жатышат тергөө абагына. Ал эми активисттерди, журналисттерди, аялдарды сүйрөп барып, күч колдонуу менен. Бул, тилекке каршы, мыйзам бузуу”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абада суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршылыгын билдирип чыккан 30дай саясатчы, активист жана блогер ушу тапта камакта отурат. Жемкорлукту ашкерелеген иликтөөлөрү менен таанылган журналист Болот Темиров өлкөдөн чыгарылган.

Бийлик өлкөдө адам укуктары сакталып жатканын белгилөөдө.

17-ноябрда абактагы саясатчы, активист аялдар тууралуу маселе көтөрүлгөндө президент Садыр Жапаров "Мыйзам бардыгына бирдей, ал аялга башка, эркекке башкача болбойт. Анан аял киши дагы жоопкерчиликти сезе билиши керек. Мен аялмын деп билгенин жасай берген да туура эмес. Буга дагы макул болушуңуз керек. Ошондуктан бардыгы мыйзам чегинде болсун" деп айткан.

4-ноябрда чет өлкөлөрдүн элчилери менен жолугушууда Жапаров Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктери эң жогорку баалуулуктардын бири экенин, эркиндик көп болгондо жоопкерчилик артарын айткан. Ал Кыргызстанда эч ким бузбай турган бирден-бир талап — мыйзамдарды так сактоо жана аны аткаруу экенин белгилеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG