Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

БУУнун өкүлү Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышын айыптады


Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор.
Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор.

Бириккен Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысы Мэри Лоулор “Мемориал” укук коргоо борборунун мүчөсү Виталий Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча билдирүү таратып, муну айыптады. Бул тууралуу пикирин ал Твиттердеги баракчасына жазды.

“Мени Виталий Пономаревго Кыргызстанга көп жылга чейин киргизүүгө тыюу салынганы кабатырлантат. Ал себептерин түшүндүрбөй кирүүгө тыюу салынган биринчи укук коргоочу эмес жана мен бийликти мыйзамдуу укук коргоочулук ишине бут тосуу үчүн ушундай чектөөлөрдү колдонбоого чакырам”, – деди ал.

Мурдараак Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланышы боюнча Норвегиянын Хельсинки комитети Улуттар Уюмунун укук коргоочулар боюнча атайын баяндамачысына арызданган.

Виталий Пономаревдун Кыргызстандан депортацияланганы 15-ноябрда белгилүү болгон. Ал адам укуктары боюнча Бишкекте өтүп жаткан фестивалга конок катары чакырылган. 14-ноябрда Кыргызстанга учуп келип, “Манас” эл аралык аэропортунда чек ара көзөмөлүнөн өтүп жаткан учурда кармалган. УКМКга караштуу Чек ара кызматы мамлекеттик түзүмдөрдүн тапшырмасын аткарып жатканын, анын себебин Пономарев өзү билерин билдирген.

Маалыматка караганда, Чек ара кызматынын өкүлү анын Кыргызстанга кирүүсүнө 2017-жылы тыюу салынганын, чечим 2020-жылы узартылганын айткан. 2017-жылы Пономаревду Кыргызстанга киргизбөө боюнча тапшырма атайын кызматтан келип түшкөнүн ошол кезде Мамлекеттик чек ара кызматы маалымдаган.

Виталий Пономаревго Кыргызстанга кирүүгө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда да тыюу салынган. Ал 2009-жылы бир жолу “Манас” аэропортунан, экинчи жолу Кайыңдыдагы темир жол бажы бекетинен артка кайтарылган. 2010-жылдан кийин бул чектөө күчүн жоготкон эле. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG