Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:50

Курахово шаары аткыланганда бир канча киши мерт болду


7-декабрда Украинанын Донецк облусундагы Курахово шаарын орус армиясы аткылаганда бир канча киши каза болду. Бул тууралуу Украина президентинин аппаратынын жетекчисинин орунбасары Кирилл Тимошенко Телеграмга жазып, сегиз киши набыт болуп, бешөө жараат алганын билдирди.

Ал эми Донецк облустук аскер администрациясынын башчысы Павел Кириленко алты адам өлгөнүн билдирип, базар жана автобекет аткыланганын кабарлады.

Чабуулда ракеталык артиллериядан кассеталык бомбалар колдонулган деп болжолдонууда. Украинанын президенти Владимир Зеленский комментарий берип, "террорчулар адам эмес. Алар бул үчүн жооп беришет" - деди. Мамлекет башчы да алты киши каза болгонун билдирди.

Кураховодо октябрда жылуулук электр станциясы ракеталык соккуга кабылган. Анда курмандыктар болгон эмес.

Соңку күндөрү Донецкинин Орусия дайындаган бийлик өкүлдөрү аймак украин армиясынын аткылоосуна туш болуп жатканын билдирүүдө. Бир күн мурун өзүн "Донецк элдик республикасы" деп атаган аймактын парламентинин депутаты Мария Пирогова аткылоодон каза тапканы кабарланган. Владимир Путин аны өлгөндөн кийин "Эрдик" ордени менен сыйлады. Киев "Донецкини украин армиясы аткылап жатат" деген маалыматка комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG