Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:17

Кыргызстанда “Баатыр эне” наамын алуу жобосун өзгөртүү сунушталды


"Баатыр эне" ордени.
"Баатыр эне" ордени.

Жети же андан көп балалуу энелерге ыйгарылуучу “Баатыр эне” наамын алуунун жоболорун өзгөртүү боюнча президенттин жарлыгынын долбоору коомдук талкууга коюлду.

Документтин негиздемесинде көпчүлүк энелер балдарынын бири соттолгон учурда наамды ала албай калып жатканы айтылып, аны өзгөртүү демилгеси жазылган.

Негизинен балдарынын бири 18 жаштан өткөндөн кийинки кылмыш жоопкерчилигине тартылганы эске алынбайт деген өзгөртүү сунушталууда. Тактап айтканда, жети же андан ашык баласы бар энелер 18 жаштан өткөн баласы кылмыш жоопкерчилигине тартылган учурда “Баатыр эне” наамына документ тапшыра алат.

Кыргызстанда жети жана андан көп балалуу энелерге Баатыр эне наамы ыйгарылат. 1992-жылдан бүгүнкү күнгө чейин “Баатыр эне” орденин алгандардын саны 39 миңге жакындады. Анын 117си пенсия алууга укугу жок болгондугуна байланыштуу, социалдык жөлөк пул алышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG