Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Талаштуу ЖМК мыйзамын кайра иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттик администрация сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлдү. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коопчулуктан 15 киши кирди.

Курамды мамлекет башчы бекитиши керек.

Президенттик администрация өткөн айда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Долбоордун негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган.

Документ коомдук талкууга чыгарылган күндөн тарта өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер камтамчылыгын билдирип чыккан.

"Адилет" укуктук клиникасы мыйзам долбооруна көз карандысыз экспертиза жасап, анда "адамдын өз оюн эркин билдирүү укугуна кепилдиктерди четке каккан олуттуу тобокелдиктер бар" деген бүтүм чыгарган.

15-ноябрда өткөн жыйында президенттик администрация мыйзам долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн медиа сектордун 20 өкүлүнөн турган жумушчу топ түзүүгө, андан кийин документти экспертиза үчүн Венеция комиссиясына жөнөтүүгө макул болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG