Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:38

Президент Жапаров: Майыптыгы бар адамдар билим алууга муктаж


Президент Садыр Жапаров 3-декабрь Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнүнө карата кайрылуусунда коомдун бул катмары билим алууга, социалдык жактан камсыз болууга, спортко жана жумушка орношууга муктаж экенин билдирди.

Президенттин сайтына жарыяланган кайрылууда майыптыгы бар адамдардын коомго толук кандуу аралашуусу үчүн бир топ иштерди аткаруу боюнча максаттар бар экени айтылат.

Кыргызстанда 202 300 майыптыгы бар адамдар бар, алардын 35 миңи балдар. Быйыл 1-июндан тартып 18 жаштан өйдө биринчи топтогу майыптыгы барларга жеке жардамчы кызматы киргизилди. Майыптыгы бар адамдарды караган жардамчылардын саны 8493гө жетет. Алардын айлык акысына бюджеттен жылына 305,7 млн. сом бөлүнөт.

Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга коомдук жайларда жүрүүгө шарттын жоктугу, жумуш менен камсыз кылуу начар экени айтылып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын 1992-жылдагы резолюциясына ылайык, жыл сайын 3-декабрда Майыптыгы бар адамдардын эл аралык күнү белгиленет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG