Кытайды козгогон Үрүмчүдөгү каргаша
Кытайда COVID-19га байланыштуу катаал карантинге каршы акциялар уланууда. Анда саясий талаптар да жаңырып жатат. Айрым эксперттердин айтымында, бул тоталитаризмге каршы чыккан жаштардын Тянанмен козголоңунан кийинки ири нааразылык болуп калды. Нааразылык толкуну 24-ноябрда Шинжаңдын башкалаасы Үрүмчүдө 10 кишинин өмүрүн алган өрттөн кийин ого бетер күчөдү. Маалыматтарга караганда, карантинден улам катуу бекитилген ал турак-жайдан айрым тургундар сыртка чыга албай калган. Үрүмчүдөгү трагедия ошондой эле аймактагы уйгурлардын жана башка улуттук азчылыктардын абалын эске салды.
Чыгарылыштар
-
Май 03, 2024
Европада чемпион болгон кыргыз чабандестер
-
Апрель 27, 2024
Германияда кыргызча жашаган немистер: Таласым такай түшүмө кирет
-
Апрель 18, 2024
Украинаны коргогон чечен жоокерлери
-
Апрель 12, 2024
Экстремисттик топтун торуна түшкөн борбор азиялыктар
-
Апрель 05, 2024
Өзбекстандагы перстердин өзгөчө үлпөтү
-
Март 21, 2024
Путин бийлигин узартты. Дүйнөдө тиреш күчөйбү?