Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:15

Пакистандык талибдер ок атышпоо режимин токтотуп, чабуулга өткөнүн жарыялады


“Техрик-и Талибан Пакистан” уюму менен сүйлөшүүлөрдү чагылдырган плакаттар.
“Техрик-и Талибан Пакистан” уюму менен сүйлөшүүлөрдү чагылдырган плакаттар.

Пакистанда тыюу салынган "Техрик-и-Талибан Пакистан" уюму бийлик менен кабыл алган ок атышпоо келишиминен чыкканын жарыялап, өз жоочуларына чабуул жасоого буйрук берди.

Бул билдирүүнү өкмөт өкүлдөрү комментарийлей элек. Мунун алдында Пакистандын Тышкы иштер министрлиги Ооганстанга жогорку деңгээлдеги делегация жөнөтөрүн жар салган. Анда министр Хина Раббани Хар “Талибан” уюму түзгөн Ооганстандын өкмөтү менен аймактык коопсуздук маселесин талкуулай турганы айтылган.

Пакистандын бийлиги менен "Техрик-и-Талибан Пакистан" тынчтык келишими ооган талибдеринин ортомчулугу менен быйыл июнда түзүлгөн. Пакистандык талибдер да ооганстандык талибдер сыяктуу исламдын катаал эрежелерин карманат, бирок уюмдун түзүлүшүндө айырмачылыктар бар.

Пакистандын бийлиги жергиликтүү талибдер менен сүйлөшүүлөрдүн бир нече раундун өткөрдү, бирок андан чоң жыйынтык болгон эмес. Пакистандык талибдер коопсуздук жана күч кызматтарына, бийлик өкүлдөрүнө чабуулдарын улантып келди.

“Техрик-и Талибан Пакистан” - 2007-жылы жергиликтүү Байтулла Мехсуд баштаган талибдер түзгөн кыймыл. Алар Пакистандын “батышчыл” бийлигине каршы күрөшүү, өлкөдө шарият үстөмдүгүн орнотуу жана АКШнын таасирине каршы күрөшө турганын айтып келишет.

Бул топ Ооганстандагы “Талибан” кыймылына түздөн-түз тиешеси жок, бирок алар НАТО аскерлерине каршы чогуу согушуу үчүн кызматташат. Эки уюмда тең пуштундар басымдуу.

Расмий Исламабад жергиликтүү талибдерге каршы улам-улам операция жүргүзүп, аймактагы согушкерлерди Ооганстанды көздөй сүрүп чыгып турат. “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү кайрадан аймакка кайтып, өкмөттүк күчтөргө күн алыс чабуул жасап турат. Алардын быйыл апрелдеги кол салуусунан эле мамлекеттик армиянын жети аскери курман болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG