Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:44

АКШ: Орусия өзөктүк курал боюнча сүйлөшүүлөрдү артка жылдырды


Орусия менен АКШнын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия менен АКШнын желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия өзөктүк куралдарды текшерүү боюнча АКШ менен сүйлөшүүлөрдү “бир тараптуу түрдө артка” жылдырды. Бул тууралуу АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлүнө таянуу менен Reuters агенттиги жазып чыкты.

Эки тараптуу консультативдик комиссиянын жолугушуусу Египеттин борбору Каирде 29-ноябрда болмок.

Москва Вашингтондун билдирүүлөрүн комментарийлей элек.

Ноябрдын башында АКШ баштаган Батыш өлкөлөрү Украинаны Орусия менен сүйлөшүүгө келүүгө чакырып жатканы кабарланууда. Вашингтон өзү Москва менен өзөктүк куралга байланыштуу опузаларды жумшартуу жөнүндө сүйлөшүп жатканы маалымдалды.

Москва Украинанын төрт облусун аннексиялап алгандан кийин Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү мүмкүн эместиги тууралуу жарлык чыгарган. Киев Орусияга башка президент келгенде гана Москва менен диалог кылууга даяр экенин маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG