Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:17

ЖМК: Шинжаңдыктар пандемиялык чектөөлөргө каршылык көрсөтүүдө


Шинжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүдө коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылыктар болуп жатканы кабарланды. Социалдык тармактарга жарыяланган видео-сүрөттөрдө жоон топ адамдар беткапчан жана коргоочу кийимдерди кийген кишилердин тосконуна карабай, сүрүп өтүүгө аракет кылганы тартылган.

Британиянын Financial Times басылмасы наарызылык көп кабаттуу үйдө өрт чыккандан кийин күч алганын жазды. Маалыматтарга ылайык, чектөөлөрдөн улам куткаруучулар өрт чыккан жерге убагында жете албай, он адам каза болгон.

"Синьхуа" агенттиги Кытайдын расмий бийлиги өрт тууралуу маалыматты четке кагып, интернеттеги сүрөттөрдүн айрымдары фейк экенин билдиришкенин жазды.

Мурдараак чектөөлөргө байланыштуу нааразылык Чжэнчжоу шаарындагы iPhone заводунда болгон.

Соцтармактарда Гуанчжоу шаарындагы нааразылыктар тартылган тасмалар жана сүрөттөр тараган. Бийлик бул шаардын бир нече районун карантинге жапкан.

Эл аралык Freedom House уюму акыркы айларда Кытайда коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы ондогон нааразылык акциялары катталганын маалымдоодо.

26-ноябрда Кытайда COVID-19 вирусуна кабылган кеминде 32 миң адам катталды. Вирус Бээжинде, Гуанчжоу жана Чунцинде көп жайылып жатканы кабарланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG